"Мисс Кыргызстан-2013" сынагына тандоо туру башталды

  22.04.13   15:45
 295

Кыргызстанда "Мисс Кыргызстан-2013" сынагына катышуу үчүн кыздарды тандоо туру башталды. Сынактын жеңүүчүсү 28-сентябрда Индонезияда өткөрүлө турган "Дүйнө сулуусу-2013" 63-дүйнөлүк сынагында Кыргызстандын атынан катышат.

Сынактын катышуучулары белгилүү талаптарга жооп бериши керек: сөзсүз Кыргызстандын жараны болушу шарт, бою 168см-ден жогору, дене мүчөсү 90-60-90 параметрлерине жакын болушу керек. Жашы 16дан 23кө чейин. 18 жашка чейинки селкилерде ата-энесинин кат түрүндөгү макулдугу болушу шарт. Катышуучулар турмушка чыга элек жана бала-чакасы болбошу керек.

Сынактын финалы "Золотой дракон" мейманкана комплекисинде өтүп, анда катышуучулар улуттук, коктейль, кечки көйнөктөрүн жана ачык купальниктерди кийип чыгышат. Туура басып, кооз кийингенден тышкары катышуучулар тапкычтыгы жана эрудициясы менен айырмаланып туруусу артыкчылыктарды берет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/222999

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.