Жергиликтүү эл "Камбар-Ата-1" ГЭСи үчүн компенсация талап кылышты

  22.04.13   15:49
 357

Токтогул районунун тургундары "Камбар-Ата 1-ГЭС"инин курулушу үчүн компенсация берүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу бүгүн бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында "Кетмен төбө" коомдук бирикмесинин башчысынын орун басары Тынычбек Табылдиев билдирди.

Жыйында Токтогул ГЭСи менен суу сактагычынын курулушунан келген чыгымды компенсациялоо фондун Айыл чарба министрлигинен Токтогул районуна өткөрүп берүү жагын караган мыйзамдын аткарылбай жатышы тууралуу кеп болду. Депутат Өмүрбек Абдырахмановдун айтымында, фонддун каражаттары уурдалып жатат.

Табылдиев "Токтогул району стратегиялык жактан маанилүү, анткени ал жакта эн ири ГЭС жайгашкан",- деп белгиледи. "Бул район өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирип турат. Ал аркылуу Нарын дайрасы агат. Бирок райондун жашоочулары жакыр жашашат. Биз фонд Токтогул районуна өткөрүлүшү тууралуу мыйзамдын аткарылышын талап кылабыз. Андай болбогон учурда райондун жашоочулары компенсацияларын өздөрү чогултушат. Мындын тышкары эл курула турган "Камбар-Ата 1- ГЭС"инен дагы чыгым үчүн компенсация талап кылууга ниеттенип жатат. Бул коркутуу эмес",- дейт Табылдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223000

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.