Кытайдын жарандары визаларын бир нече ирет узартуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат

  22.04.13   16:19
 305

Кытайдын жарандары визаларын бир жолудан ашык узартуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде, Консулдук кызмат департаментинин (ККД) директорунун орун басары Дмитрий Ли билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын башынан баштап, ККД учурдагы визаларды каттоо иретин анализдеп чыкты. Анын натыйжасында укуктук-нормативдик актыларда бир катар чечилбеген маселелер бар экени белгилүү болуп, ККД жаңы документти иштеп чыгуу менен алектенип жатат.

Линин айтымында, мурда "жашыруун" тамгасы менен белгиленген документтер мындан ары бардык каалоочулар үчүн ачык болот.

"Жаңы шарттар боюнча биз, кээ бир визалардын категориялары үчүн мөөнөтүн кыскартып жатабыз. Мындан тышкары, Кытайдын жарандары үчүн визаны узартуу мүмкүнчүлүгүнө да чектөөлөр киргизилет, б.а. визаны бир жолу гана узартуу мүмкүн болот", - деди ал.

Чиновниктин айтымында, кытайдын жарандары көпчүлүк учурда визаны узартуу мүмкүнчүлүгүнөн ашыра пайдаланып жатышат. Узак убактыка калган Кыргызстандагы кытайлар, убакыттын өтүшү менен такыр жок болуп кетип жатышат. "Алардын Кыргызстандагы жүрүшүн көзөмөлдөө кыйынга туруп калды", -деген пикирин Ли билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223004

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.