Өнүккөн өлкөлөрдөн КРге келген туристтердин саны 15 миң адамга чейин көбөйгөн

  22.04.13   16:20
 308

Кыргызстан 44 мамлекет менен визасыз режимди киргизгенине байланыштуу бир жылдын ичинде туристтердин агымы 15 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаментинин директору Эркин Асангулов маалымдады.

Анын айтымында, 2011-жылы Чегара кызматы өлкөгө 46 миңден ашык адам келгенин, ал эми визасыз режим киргизилгенден кийин - 2012-жылы бул көрсөткүч 61 миң адамга чейин өскөнүн маалымдаган.

Асангулов Кыргызстанда чет элдик жарандардын каттоо режиминин үч түрү: визасыз, жөнөкөйлөтүлгөн жана стандарттуу түрү бар экенин белгилеп өттү.

Визасыз режимде жарандар болгону паспорт менен келүүсү керек. Жөнөкөйлөтүлгөн режимде чет өлкөнүн жарандары визаны аэропорттон ала алышат.

"Статистикага таянсак, КЭР менен КРнын ортосунда визасыз же болбосо жөнөкөйлөтүлгөн режим каралбаса деле, өлкөгө Кытайдын жарандары көп келет. Өткөн жылы Кытайдын 12 миңден ашуун жараны Кыргызстандын визасын алышкан",- дейт Асангулов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223005

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.