"Электр станцияларынын" директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү

  22.04.13   16:34
 244

"Электр станциялары" ачык акционердик коомунун (ААК) 11-апрелде өткөн акционерлеринин жыйынында компаниянын директорлор кеңешинин курамы алмашты. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде ААКтын басма сөз кызматы кабарлады.

Директорлор кеңешинин курамында төрага болуп дайындалган Сагынбек Дордоев жана Магаматкул Закиров калды. Кеңештин курамына Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Лев Васильев, "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин төрагасы Осунбек Жамансариев, БШКнын мүчөсү Абдысамат Баялинов жаңы мүчө болуп кошулушту.

"Алгачкы жолу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун заманбап тарыхында, негизги акционер катары ачык конкурс жүргүзүлдү",- деп тактады басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, буга чейин компаниянын директорлор кеңешинин курамына Карыпбек Алымкулов, Сагынбек Дордоев, Жамалбек Тулебердиев, Рысбек Качкеев, Магаматкул Закировдор кирген.

Мамлекеттик мүлк фонду "Электр станциялары" ААКнын 80,49 пайыз акциясына ээ.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223007

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.