Парламенттин профилдик комитети ГМО азыктарына тыюу салууну жактады

  22.04.13   16:51
 268

Бүгүн, 22-апрелде, бюджет жана каржы боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар тутумунда гендик-модифицияланган организмдер бар азык - түлүктөрдү өстүрүүгө, өндүрүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду. Мыйзамда мындан тышкары коомдук саламаттыкты сактоо жана ички соода жөнүндөгү мыйзамдарга оңдоо киргизүү жагы да каралат.

Профессор, биология илимдеринин доктору Тинатин Дөөлөткелдиева "Манас" кыргыз-түрк университетинде КРга ташылып келинген азык-түлүктөр менен үрөндү текшере турган лаборатория бар экенин белгиледи. "Бирок анын иши үчүн туруктуу негиздеги реагенттер зарыл. Бул үчүн бюджеттен каражат бөлүнүүгө тийиш. Эгерде мамлекеттин ар бир областында бирден ушундай лабораториясы болсо, импорттолгон продукцияны текшерүүгө мүмкүндүк түзүлөт",- дейт ал.

Дөөлөткелдиева мындай лабораториянын наркы 60-70 миң долларга жакын экенин айтты. Ал эми саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү өлкөдө беш дал ушундай лаборатория бар экенин, бирок маселенин баары аларды реактивдер менен камсыз кылууда экенин айтты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223008

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.