Поляков: Россия менен КРдын ортосундагы соода көлөмү $2 млрдга чейин көбөйдү

  22.04.13   17:03
 337

"Россия менен Кыргызстандын ортосундагы экономика - соода көлөмү 2 млрд долларга чейин көбөйдү",- дейт бүгүн 22-апрелде Москвада болгон ишкерлердин жолугушуу жыйынынын маалында Кыргызстан-Россия ишкер кеңешинин төрагасы Иван Поляков. Жыйынга ошондой эле КРнын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев катышты.

"Ишкер кеңештин бүгүнкү жолугушуусу жана жыйыны өлкөлөр ортосундагы өз ара кызматташтыкты жакшыртат деп ойлойм",- деди Поляков.

Өз кезегинде Сатыбалдиев Кыргызстандын бийлиги Россиянын инвесторлоруна кызыкдар экенин жана өлкөнүн рыногу баардык ишкерлерди күтүп жатканын айтты. "Учурда россиялык ишкерледин Кыргызстандын аймагында 100 пайыз акциялар пакети менен 193 компаниясы бар жана мамлекеттин аларга эч кандай тиешеси жок. Ошондой эле 500-600 компанияда мамлекеттин үлүшү бар, булар - биргелешкен долбоорлор жана келишимдер. Негизинен россиялык ишкерлер айыл чарба, энергетика, курулуш тармагында иш алып барышат",- дейт өкмөт башчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223009

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.