Сатыбалдиев орусиянын ишкерлерин басып алуучулуктан коргоого сөз берди

  22.04.13   17:04
 321

"Россиянын ишкерлери үчүн Кыргызстанда туруктуулук болушу керек. Ошондо гана инвесторлор өлкөгө өздөрү келе баштайт". Мындай пикирин бүгүн, 22-апрелде, Россиянын федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов кыргыз-орус ишкер кеңешинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда туруктуулуктун орношу көп убакытты талап кылууда. Ал эми ишкерлер акча сыяктуу тынччылыкты жакшы көрөт,- дейт ал. "Россиялык ишкердерди кадрлардын бат-баттан алмашуусу тынчсыздандырат. Ишкерлер тийиштүү аткаминерлер жана саясатчылар менен байланыш түзүшөт. Анан аларды кызматынан алып коюшууда. Алар менен түзүлгөн келишимдердин баары токтоп калууда. Ушул жагдай ишкерлерге тосколдук жаратып атат",- деди ал.

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев россиялык ишкерлер менен өлкөнүн экономикасы үчүн иштөөгө даяр экенин билдирди. "Бийлик тарабынан эч кандай басып алуулар болбойт, баардыгы мыйзам чегинде болот деп бардык ишкерлерге сөз берем",- деди Сатыбалдиев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223010

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.