Жайыл районунда өз күйөөсүн өлтүргөн аял кармалды

  23.04.13   07:46
 303

Жайыл районунда уруштун айынан өз күйөөсүн өлтүргөн аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 20-апрелде Жайыл райондук оорукананын реанимация бөлүмүнө, Кара-Балта шаарынын 32 жаштагы тургуну келип түшкөн. Жаранга бел тарабына бычак урулган жана ички органдары жабыркаган деген анализ коюлган. Дарыгерлер жаранды сактап калуу үчүн баардык аракеттерди кылышкан, бирок 32 жаштагы тургунду куткара алышкан эмес.

Дарыгерлер каза болгон жаран тууралуу маалыматты милицияга айтышкан. Окуя болгон жерге тергөө тобу дароо келишип, кандын изи бар ашкана бычагын табышкан. Иликтөө ишинин жүрүшүндө, каза болгон жарандын аялы 20-апрелде уруш болуп, жыйынтыгында бычак менен сайгандыгы аныкталды.

Жайыл РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223011

 Комментарийлер:
#1 Алтын
2013-04-23 12:47:19 Цитата / 0 / -

Кудай сактай кор, эмне деген заман болуп баратат? Ыйман кайда кетти?

#2 Али
2016-06-29 10:36:36 Цитата / 0 / -

... Кырсык каш кабактын ортосунда... Деген учкай кеп бар анын сыңарындай еле, ошол маркумдун бычак жегенден кийинки, үзүлгөнгө чейинки жашоосу кандай азап екенин кыздын мойну менен тарткызыш керек. ӨМҮР БОЙУ КАМАК

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.