Ызатбек Раатбеков бильярд боюнча Бишкек шаарынын чемпиону болду

  23.04.13   07:48
 274

Бишкекте бильярд боюнча шаардын чемпионаты уюштурулду. Бул тууралуу кечээ, 22-апрелде, "ВБ"га бильярд спорту боюнча олимпиадалык резервдеги атайын балдар спорттук мектебинин директору Константин Коробов билдирди.

Анын айтымында, мелдеш эркин пирамида түрүндө болуп, ага жалпысынын 44 спортчу катышкан.

"Иш чарага 32 эркек жана 12 аял катышты. Биринчи орун үчүн эркектер арасында бильярд боюнча спорттун чеберлери Ызатбек Раатбеков жана Дастан Лепшаков ат салышты. 7:6 эсеби боюнча шаардын чемпиону болуп Раатбеков атанды. Аялдар арасында биринчи орунду Наргиза Рыскулова алды", - деди Коробов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223012

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.