Новопавловкада пенсионердин үйүнөн кошунасы алтын жасалгаларын уурдап кеткен

  23.04.13   07:50
 245

Новопавловкада пенсионердин үйүнөн кошунасы алтын жасалгаларын уурдап кеткен. Бул тууралуу Чүй ШИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер органдарына Новопавловка айылынын 60 жаштагы тургуну уурдалган буюмдары тууралуу арыз жазып кайрылган. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кылмыш болгон күнү үй ээсинин жок экендиги кылмышкерге маалым болгондугун аныкташты. Ошондой эле, уурунун боюнун кыска экендиги, бөлмөнүн чакан терезесинен киргендиги белгилүү болду. Кылмышкерди пенсионердин акчасы жана зер буюмдары гана кызыктырганы маалым болду.

КР кылмыш кодексинин "Уурдоо" беренесине ылайык, Сокулук РИИБнын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш чаранын жүрүшүндө, окуяга шектүү делген жаран кармалды. Ал пенсионердин 31 жаштагы кошунасы болуп чыкты. Кары адамдын үйүндө болбой тургандыгын билип туруп, ал ошол күнү кылмыш кылган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223013

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.