Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринен өспүрүмдү өлтүрүп кетишкен

  23.04.13   07:51
 453

Бишкек шаарындагы Кантемировская көчөсүндө жайгашкан жеке үйлөрдүн биринен 15 жаштагы өспүрүмдү өлтүрүп кетишкен. Бул тууралуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери билдирди.

Зомбулук белгиси бар жансыз денени кечээ, 22-апрелде, туугандары табышкан. Серепчилердин болжолдуу маалыматына караганда, өспүрүм электр боосу менен муунтулган.

Аталган факт боюнча Свердлов РИИБнын тергөөчүлөрү, КР кылмыш кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Укук коргоочулардын болгон окуяга карата бир канча божомолдору бар. Алар бул маселенин үстүндө иш алып барышмакчы. "Каза болгон жаран кылмыштын күбөсү болуп калган сыяктуу. Үйгө уурулар кирген маалда, өспүрүм аларды көрүп калган. Кылмышкерлерге болсо ашыкча күбөнүн кереги жок болчу", - дешет укук коргоочулар.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223014

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.