Бишкектин Жал кичи районунда ысык суу берилип баштады

  23.04.13   08:32
 390

Кечээ, 22-апрелдин кечинде Жал кичи районуна ысык суу берилип баштады. Анын температурасы белгиленген нормага туура келет.

Бишкектин вице-мэри Төрөбек Имашевдин кабылдамасынан "ВБ"га билдиргендей, кечээ күнү "Кыргызгаз" менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Мэрия 108 млн сом карызды бөлүп төлөмөй болду. Жетишилген макулдашууга ылайык, карыздарды төлөп берүү үч айдын ичинде жыйынтыкталат.

Муниципалитет кепилдик милдетин өз мойнуна алары менен "Бишкекжылуулукэнергонун" Жал кичи районун тейлеген казан мештери иштеп баштаган.

Белгилей кетсек, аталган райондун тургундары митинг кылышып, ысык суу бир айдан бери берилбей атканын айтышкан эле. Алар ишемби күнү Тыналиев көчөсүн тосушуп, ысык суунун берилишин талап кылышкан болчу.

Ошондой эле кичи райондун тургундары да 4,5 млн сом карызын төлөшү керек.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223016

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.