"Сары-Ой" тасмасы Доханы багынтты

Жаш кинорежиссер Адилет Каржоевдин "Сары-Ой" аттуу даректүү тасмасы Дохада өткөн "Аль-Джазира" эл аралык фестивалында 2-орунга татыды.
  23.04.13   10:08
 542

"Сары-Ой" даректүү тасмасы "Аль-Джазира" фестивалында "Жаңы горизонттор" программасында жеңишке жетти. Фестиваль 18-21-апрель аралыгында болуп өткөн. Аталган программага 32 тасма ат салышкан. Алардын ичинен экөө гана байгелүү орунга жетишип, 1-орунду кытайлыктардын "Nature's Kid" тасмасы илип кеткен. Фестиваль толук, орто жана кыска метраждуу тасмалар, ошондой эле "Жаңы горизонттор" программасы болуп 4 конкурстун негизинде өттү. Аталган фестивалга Кыргызстандан киносынчы Гүлбара Төлөмүшова калыстар тобунун мүчөсү катары катышты.

Эске салсак, былтыр ушул эле фестивалдын кыска метраждуу даректүү тасма конкурсунда Артык Сүйүндүков менен Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" тасмасы биринчиликти багынткан эле.

"Сары-Ой" тасмасы Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин бүтүрүүчүсү Адилет Каржоевдин дипломдук иши жана көркөм жетекчиси белгилүү кинорежиссер Артык Сүйүндүков. Тасма Бөкөнбаевдин Туура-Суу айылында тартылган. Адилет мырза тасма аркылуу өтө деле философиялык терең ойду берейин деген ниети деле болбогонун айтат. "Менин тасманы тартуудагы биринчи максатым дипломдук иштен кутулуу болчу. Экинчиден, тасма аркылуу ар бир адам өз кесибин сүйсө ал аркылуу жан бакса болорун айткым келген. Менин каарманым митинг, пикет менен иши жок эле бүркүт таптап, үй-бүлөсү башкалардан кем кылбай багат. Ал тоодо жашаганы менен заманбап жашоонун шарданы менен жашаганды жактырат. Кыздарын күн сайын машинасы менен мектепке жеткирип, тапкан-ташыганын алардын билим алуусу үчүн жумшайт" ? -деди тасманын автору.

Каржоевдин тасмасы буга чейин "Шакен жылдыздары" (Алматы), "Бастау" (Алматы), "Соль Земли" (Самара), "Золотой Витязь" (Омск) сыяктуу абройлуу фестивалдарда да ийгилик жараткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223019

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.