Кыргызстандык учкуч Ооганстандын чыгышында талибдер тарабынан туткунга алынды

Талибдер тик учактын эки учкучун жана 8 жүргүнчүсүн туткунга алышкан
  23.04.13   10:26
 340

21-апрелдин кечинде Ооганстандын чыгыш тарабында жайгашкан Логар провинциясынын Азра уездинде "Хорасан Карго Эйрлайнс" жеке менчик компаниясына таандык болгон Ми-8 тик учагы конууга аргасыз болгон, деп билдирет Россиянын ТИМинын сайты.

Ооган расмий тараптын жана Коопсуздукту сактоо эл аралык күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн айтуусу боюнча, районду көзөмөлгө алган талибдер борттогу адамдарды туткунга алган.

РФнын Ооганстандагы элчилигинин маалыматы боюнча, бортто эки учкуч - Россиянын жараны, 1956 -жылы туулган Петренко Павел Петрович, жана аты-жөнү тактала элек Кыргызстандын жараны болгон. Алардын тышкары, вертолеттун 7 түрк жана бир оогандык жүргүнчүлөрү да туткундалган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223020

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.