Бишкекте жана Чүй облусунун айрым айылдарында жарык өчүрүлөт

  23.04.13   10:26
 247

Бүгүн, 23-апрелде, саат 9 дан 17 ге чейин Табачный, Куренкеев, Жунусалиев, Айни, Шота Руставели, Волкова, Кустанайский, Владимирский көчөлөрүндө, Рыскулов, Пушкин, Үмөталиев, Чүй проспектиси көчөлөрү менен чектелген төрт чарчысында, Орто-Сай айылынын бир бөлүгүндө электр энергиясы менен камсыздоо токтотулат. Бул тууралуу "Түндүкэлектро" ААКтын пресс-кызматы билдирди.

Андан тышкары 9.30 дан 11.00 ге чейин Скрябин көчөсүндө жана Матросов көчөсүнөн Көк-Жар кичи районуна чейин электр жарыгы өчүрүлөт.

Аламүдүн районундагы Энергетиктер шаарчасында, Лебединовка жана Учкун айылдарында, дагы 23нөн 26-апрелге чейин саат 9дан 17.00го чейин электрэнергиясы жок болот.

Москва, Жайыл району, Кара-Балта шаарынын бир бөлүгү дагы өчүрүлөт.

Электр энергиясынын өчүрүлүшү жүргүзүлүп жаткан оңдоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223021

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.