Россиядагы мекендештерди өлкөнүн аброюн көтөрүүгө чакырышты

  23.04.13   10:48
 367

Кечээ, 22-апрелде, премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев РФке болгон расмий иш сапарыны алкагында, Россияда ийгиликтерге жетишкен мекендештер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Белгиленгендей, Сатыбалдиев "бүгүн РФте туруктуу жашап жаткан мекендештерибиздин көпчүлүк бөлүгү бутуна туруп, тарыхый мекени менен ар дайым байланышта болуп, жакындарына жардам берип турушат", - деди.

"Азыр мекенибиздин аброюн көтөрүүгө убакыт келди. Ал нерсе албетте силердин жардамыңарга да муктаж. Кыргызстандын эл аралык имджин көтөрүп, инвестицияны тартып келүү силердин да колуңардан келет. Биргелешип иштешсек, бул жакшы натыйжаларды берет. Ал эми биз өз кезегибизде келе турган инвесторлордун каражатынын коопсуздугуна кепилдик беребиз", -деп премьер-министр билдирди.

Жолугушууга "Ай прайз" компаниясынын коммерциялыке директорунун орун басары Юрий Ефремов, "Биринчи улуттук пенсиондук фонддун" башкаруу төрагасы Виталий Плотников, "Межрегионтранстын" жетекчиси Кожомберди Дүйшөналиев, Кыргызстан менен достук коомунун президенти Борис Силаев, РФ ФОМСинин башкаруу жетекчисинин орун басары Нурбек Омуров, "Агропарк" компаниясынын жетекчиси Адилет Шамырканов жана "Город312" тобунун солисти Светлана Назаренколор катышышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223022

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.