Түндүк Корея азык-түлүк жетишсиздигинен Монголиядан көмөк сураган

  23.04.13   11:05
 234

Түндүк Корея азык-түлүктүн жетишсиздигинен улам Монголиядан көмөк сурады. Бул тууралуу Монголиянын президенти Цахиагийн Элбэгдорждун администрациясынын сайтында маалымдалат.

Монголиянын башчысы менен болгон жолугушууда Түндүк Кореянын элчиси Хон Гю анын өлкөсү өтө катуу азык-түлүк каатчылыгына кабылышы ыктымал экенин айтты. Элчи монгол тараптан Түндүк Кореяга гуманитардык жардам жеткирүү мүмкүндүктөрү жөнүндө билүүнү өтүндү.

Азык-түлүктүн тартыштыгы тууралуу Түндүк Кореянын маалымат агенттиктери расмий түрдө кабарлашкан жок, бирок аталган өлкөдөгү ачарчылык тууралуу айың кептер маал-маалы менен дүйнөлүк басма сөздө айтылып жатат. Жаңы башталган ачарчылыктын мүмкүн болчу себептеринин бири 2012-жылы жайында өлкөдө болгон суу ташкынына байланыштуу болушу ыктымал. Бул кырсыкта суу миң чарчы чакырымдан ашуун айдоо аянтын жууп кеткен.

1990-жылдардан бери Түндүк Корея БУУ менен Кытай эл республикасынан гуманитардык жардам алып келет. Бирок кээде Түндүк Корея азык-түлүктү кабыл алуудан баш тартат, 2012-жылы да ушундай кылган.

Түндүк Кореянын Хванхэ-Пукто провинциясынан 2010-жылдын башында ачкачылыктан 10 миң адам курман болгон. Ошондой эле буга окшогон бир нече фактылар басма сөздө кабарланып келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223024

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.