Өкмөттөгүлөр мамкызматты электрондук форматта көрсөтүүнү көздөшүүдө

  23.04.13   11:08
 250

"Айрым мамлекеттик кызматтарды электрондук форматта көрсөтүлүүсүнө бара-бара өтүү зарыл. Бюджеттин тартыштыгына карабастан, азыртадан баштоо керек", - деп бүгүн, 23-апрелде, "КБКни мамлекеттик кызматка көзөмөл жүргүзүүгө чакыруу" темасындагы тегерек стол учурунда өкмөт аппаратынын кадрдык иши жана мамлекеттик башкаруу бөлүмүнүн жетекчиси Кубанычбек Шадыбеков айтты.

Эске салсак, ПРООН республиканын өкмөтү менен биргеликте коомдук байкоо кеңештерин чакыруу аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү оптимизациялоо жана кызматтын сапатына расмий мониторинг жүргүзүү долбоорун ишке ашырып жатат. "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү" деген мыйзам долбоордун алкагында 388ге чейин кыскартылган кызматтардын стандарттары иштелип жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223025

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.