Казакстанга Кытайдан чочконун этин уйдун эти катары ташып келишүүдө

  23.04.13   11:21
 252

Казакстанга Кытайдан уйдун эти деп чочконун этин ташый башташты. Бул тууралуу "Казакстандын халал индустриясы" ассоциациясынын өкүлү Гулжазира Нуралбаева билдиргенин Tengrinews.kz сайты кабарлайт.

Чочконун этин уйдун эти катары көрсөтүш үчүн чочконун этин атайын иштелип чыккан уйдун этинин эритмесинин концентратына эки сааттай салышат. "Чындыгында биздин колдо Казакстанга ушундай эт алып келишет деген маалымат бар. Бул эритмеге салгандан кийин чочконун эти уйдун этинен даамы жагынан да, өңүнөн дагы эч айырмасы жок болуп калат. Муну аныктоонун жалгыз бир жолу генетикалык экспертиза жүргүзүү",- деп билдирди Нуралбаева.

Анын айтымында, мындай этти Алматанын кафелери, ресторандары сатып алышат. "Ошондой эле бизге Кытайдан жасалма жумурткаларды алып келишкени белгилүү. Анда желатинден башка нукура эч нерсе жок, ага да чочконун майын кошушат. Мындай жумуртканы дагы айырмалаш абдан кыйын",- дейт ассоциациянын өкүлү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223026

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.