Бекешев: Жөн эле эшек такалап отурган чиновниктерге жакшы айлык берилбеши керек

  23.04.13   11:36
 263

"Жөн эле эшек такалап отурган чиновниктерге жакшы айлык төлөнбөшү керек", - деген оюн бүгүн, 23-апрелде, ЖКнин регламенти жана депутаттык этика боюнча парламенттик жыйында "Ар-Намыс" фракциясынан депутат Дастан Бекешев билдирди.

Жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу жана аскердик наам, класстык чин, атайын класстык чин жана атайын наамдар боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүлөр каралып жаткан.

"Чиндин болушу чиновниктин жасаган ишинин сапаты жогору дегендик эмес. Класстык чиндерди такыр жоюп салуу зарыл. Мамкызматкерлерге сыйлык берүүнүн башка деңгээлине өтүү керек. Мисалы, жакшы натыйжа үчүн айлыкты жогорулатуу. Класстык чиндер Россияда, Петр 1-нин убагында киргизилген. Алар багытталган функцияларын аткара албай калышты", - деди Бекешев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223028

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.