Акыйкатчы: Гематологдор Батукаевдин диагнозу жалган экенин тастыкташты

Акыйкатчы Турсунбек Акун коомчулукка Кыргыз улуттук гематология борборунун (КУГБ) дарыгерлеринин кайрылуусун сунуштады.
  23.04.13   11:47
 426

Анын айтымында бул кайрылуу криминалдык авторитет Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу "өлкөнүн укук коргоо жана мамлекеттик органдары тарабынан жасалган үрөй учурган акт" экендигин тастыктап турат. Бул тууралуу өлкөнүн башкы укук коргоочусунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, КУГБнын 12 алдыңкы дарыгери кол койгон кайрылууну Акун өз булактары аркылуу алган. Анда дарыгерлер айрым чиновниктер иштин баарын "ушул жасаган" деп көрсөткүсү келген өздөрүнүн кесиптеши М. Эралиеваны коргоп чыгышкан.

"Чындыгында гемотология борбору абакта жаткан Батукаевге консультация керек экенин 2012-жылдын декабрь айынын соңунда өзүнүн директору А. Раимжановдон уккан. Ал Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынан бул абакта жаткан адамга кеп-кеңеш керек экендиги тууралуу кайрылуу түшкөнүн айткан. Иш жамааты нөөмөттөгү дарыгерди Нарын областына жөнөтүүгө каршы болгон. Эки ай өткөндөн кийин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиевдин көрсөтмөсү менен КУГБнын директорунун орун басары Э. Макимбетовдун буйругуна ылайык Эралиева нөөмөттөгү гематолог катары Батукаевге консультация берүүгө жөнөтүлгөн",- деп айтылат басма сөз кызматынын кабарында.

"Батукаевди текшеришкенде "өнөкөт С гепатити жана биморфдуу анемия" деген болжолдуу диагноз коюлган. Аталган диагноз Батукаевдин лейкозу жок экендигин күбөлөндүрүп турат. Бир нече күндөн кийин Эралиева Батукаевге "курч лейкоз" деген диагноз коюлганын уккан",- дейт акыйкатчы.

Акундун пикиринде, бул факты Батукаевди бошотууда мамлекеттик чиновниктер сүйлөшүп алып иш жасашканын күбөлөндүрүп турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223029

 Комментарийлер:
#1 Гости
2013-04-23 12:49:23 Цитата / 0 / -

Турсунбек Акун абдан эле куйту киши, сагызганча шакылыктап бошоттуруп алаарын алып,

эми билинип калгандан кийин башкаларга шылтап сопу болуп чыга келгенин журт бузардын!!

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.