"Роснефть" Кыргызстанда расмий өкүлчүлүгүн ачат

  23.04.13   12:04
 277

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россия федерациясынын жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында "НК "Роснефть" ачык акционердик коомунун (ААК) башкаруу кеңешинин төрагасы жана президенти Игорь Сечин менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө Эл аралык "Манас" аэропортунда Эл аралык транзиттик борборду түзүү тууралуу стратегиялык өз ара кызматташуу келечеги талкууга алынды. Тараптар ошондой эле Бишкектеги "Манас" жана Оштогу аэропортторунун авиациялык түзүмүн жаңылоо, ошондой эле аба майдандарын эл аралык аренада таанытыш үчүн маркетинг иш-чараларын жүргүзүү тууралуу дагы макулдашты.

Мындан тышкары ушул жылдын 15-майына чейин "Роснефть" Кыргызстанда инфраструктура менен мунай өндүрүмдөрүн камсыздоо максатында "Роснефть Оверсис С.А." деген атайын өкүлчүлүгүн ачуу тууралуу чечим кабыл алынды.

Жолугушуунун соңунда НК "Роснефть" ААКы менен Эл аралык "Манас" аэропортунун ортосунда мунай өндүрүмдөрүн камсыздоону өнүктүрүү жаатында кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223032

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.