Брюсселде Кабул менен Исламабаддын мамилеси талкууланат

  23.04.13   12:15
 254
 

Ооган президенти Хамид Карзай шейшембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Пакистандын расмий өкүлдөрү менен жолугуп, аймактагы тынчтык жараянын талкуулоо үчүн Брюсселге сапар алат. Карзайдын расмий өкүлү Аймал Фаизи бул жолугушуу Кабул менен Исламабаддын ортосундагы мамилени оңдоо үчүн уюштурулуп жатканын билдирди. Эки коңшу өлкөнүн ортосундагы чыңалууга чечилбеген чек ара талашы, элдешүү жараянынын үзгүлтүккө учурашы себеп болууда. Карзайдын өкүлү Пакистан элдешүү боюнча убадаларына турбаганын, ооган элинин Исламаддын аракетине карата чыдамы түгөнүп баратканын кошумчалады.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223033

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.