Пан Ги Мун Сирияга курал берүүнү токтотууга үндөдү

  23.04.13   12:20
 265
 

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун араб өлкөлөрүн Сириядагы араздашкан тараптарга курал-жарак берүүнү токтотууга чакырды. Баш катчы мындай кайрылуусун дүйшөмбүдө Араб лигасынын башчысы Набил ал-Араби жана Катардын эмири Хамад бен Халифа ал-Тани менен уюмдун баш кеңсесиндеги жолугушуусунда жасады. Бирок ал-Араби азыр курал-жарактын агымын токтотуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал Сирия өкмөтү "белгилүү тараптардан" курал алып жатканын, көтөрүлүшчүлөрдө да "тең салмактуулук" болушу зарылдыгын айтты. Орусия Иран жана "Хезболлах" уюму менен катар Сирия өкмөтүн курал-жарак менен жабдыган негизги өлкө деп сыпатталып келет.

"Азаттык" үналгысы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223034

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.