Жеңил өнөр жайынын өткөн жылдагы кирешеси 195,2 миллион доллар деп бааланды

  23.04.13   12:40
 306

"Кыргызстандын Бажы Биримдигине (ББ) кириши менен КРдан ББнын өлкөлөрүнө экспорттолгон продукциялар тоскоолдуксуз жөнөтүлөт. Бирок кездемелердин жана башка тигүү өндүрүшү үчүн комплектилерди импорттоо ББнын мыйзамдары менен жөнгө салынат",- деп билдирди бүгүн, 23-апрелде Smart Business Solution CAнын директору Кубат Рахимов Кыргызстандан ББнын өлкөлөрүнө тигүү жана трикотаж буюмдарын экспорттоо боюнча долбоорду тааныштырып жатып.

Рахимовдун айтымында, кыргыз тикмечилеринин негизги сатуучу рыногу катары 2012-жылы Белорусия менен биргеликте Бажы Биримдигин түзгөн Казакстан менен Россия эсептелет. " Бул мамлекеттерге экспортту камсыз кыла турган Кыргызстандын экономикасынын негизги тармагы болуп жеңил өнөр жайы эсептелет. 2010-жылы жеңил өнөр жайдын өндүрүшү 138,2 млн долларга барабар болсо, экспорт 125 млн доллар болгон же болбосо жалпы өндүрүштүн 90 пайызын түзгөн. 2011-жылы өндүрүш 156,6 млн доллар, экспорт 142 млн доллар болгон",- деп белгиледи ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223035

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.