Президент менен ТИМ башчысы ШКУнун саммити тууралуу талкуулашты

  23.04.13   12:44
 322

Бүгүн, 23-апрелде, мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри (ТИМ) Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлайт.

ТИМ башчысы президентке өзүнүн бир аз мурда Казакстан жана Кытайга жасаган иш сапарынын жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Бул жолугушууларда Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) алдыда боло турган саммити тууралуу сөз болгон.

Президент быйыл Кыргызстандын аталган уюмга төрагалык кылышы менен өткөрүлө турган Бишкек саммитин өткөрүү жана ага даярдануу боюнча тапшырма берди.

Жолугушуунун маалында мындан тышкары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин бейформал сессиясына даярдык тууралуу дагы талкуу болду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223036

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.