Галина Скрипкина: Фракциянын ичинде депутаттык топ түзүүнүн кажети жок

  23.04.13   12:48
 305

"Фракциянын ичинде депутаттык топту түзүүнүн мааниси жок",- деп билдирди бүгүн, 23-апрелде ЖКнын регламенти жана депутаттык этика боюнча парламенттик комитеттин жыйынында КСДП фракциясынын мүчөсү Галина Скрипкина.

"Ар-Намыс" фракциясынын мүчөсү, комитет төрагасы Айнуру Алтыбаева депутаттык бирикмелердин жана топтордун абдан көп санда болуп жатышынан улам регламентти өзгөртүү зарылдыгы келип чыкканын айтты. "Бирок талкуу азырынча жумушчу режимде гана жүргүзүлүп жатат",- дейт ал.

Белгилей кетсек, эл депутаттары депутаттык топторду түзүү маселесин карап жатышат.

Скрипкинанын айтымында, Конституцияга ылайык мөөнөтүнөн мурда депутаттын ыйгарым укугу фракциядан чыккандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирүү жасагандан кийин токтотулат.

"Ар-Намыс" фракциясынан депутат Бөдөш Мамырова депутаттык топтордун ишмердүүлүгүн чектөө керек экенин белгиледи. "Үч депутатты топ деп атоого болбойт",- дейт ал.

Алтыбаеванын айтымында, азыркы учурда түзүлгөн депутаттык топтор комитет жана комиссия төрагаларынын ордуна талапкер болуп жатышат. "Бизде 120 киши бар, 40 топту түзүшү мүмкүн. Мындай болгондо башаламандык болуп кетет",- деп кошумчалады ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223037

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.