Атамбаев Ооганстандагы туткунду бошотууга бүт чараларды көрүү тапшырмасын берди

  23.04.13   13:02
 300

"Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Афганистанда туткунга алынгандардын арасында Кыргызстандын жараны бар экендиги тууралуу кабардар",- деп билдирди бүгүн, 23-апрелде "ВБ"га мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Кадыр Токтогулов.

Буга байланыштуу Алмазбек Атамбаев ТИМ жана УКМКга шериктер менен биргеликте биздин мекендешти куткарыш үчүн колдон келген аракети жасоо тапшырмасын берди.

Эскерте кетсек, ММКда 21-апрель күнү кечинде Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясынын Азра уездинде "Хорасан Карго Эйрлайнс" ооган авиакомпаниясына таандык болгон Ми-8 тик учагы конууга аргасыз болгондугу тууралуу маалымат айтылган.

КР ТИМи талибдер 10 жакын адамды барымтага алышканын, алдына ала маалыматтар боюнча алардын арасында Түркия, Россия, Афганистандын атуулдары жана 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны Нургазы Конушбеков бар экенин кабарлады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223038

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.