Токиодо Кыргызстандын туристтик потенциалын тааныштырышты

  23.04.13   13:15
 317

20 - апрелде Токиодо Кыргызстандын Япониядагы элчилиги "Япония- Евразия өлкөлөрү" ассоциациясы менен биргеликте өлкөнү тааныштырды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият башкармалыгы кабарлайт.

Иш-чарада атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчи Рысбек Молдогазиев кыргызстандыктардын тарыхы, маданияты жана азыркы жашоосу, туристтик мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Япония менен Кыргызстандын эки тараптуу кызматташтыгы тууралуу лекция окуду.

Студенттер, окутуучулар, журналисттер жана туркомпаниялардын кызматкерлери Кыргызстандын улуттук кийим-кечеги жана улуттук тамак-ашы менен таанышты.

Тааныштыруунун соңунда көпчүлүк угуучулар Кыргызстанга келүү ниеттерин билдиришти.

Белгилей кетсек, "Япония-Евразия өлкөлөрү" ассоциациясы 1957-жылы Япониянын премьер-министри Ичиро Хатояманын жетекчилиги астында түзүлгөн. Жарым кылымдан ашуун убакыттан бери ассоциация Евразия менен өз ара түшүнүшүүнү камсыздоо максатында маданият, илим, медицина, спорт жаатында фестивалдарды жана форумдарды өткөрүп келет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223039

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.