Нарын облусунун тургундары Нариман Түлеевди үй камагына чыгаруусун талап кылышат

  23.04.13   13:24
 245

Бүгүн, 23-апрелде, пресс-конференция учурунда Нарын облусунун жашоочулары чиновниктерге, Бишкек шаарынын экс мэри Нариман Түлеевге чыгарылган сот чечимин өзгөртүүнү суранып, кайрылышты.

"Теңир-Тоо Ынтымагы" коомдук фондунун өкүлдөрүнүн айтымында, ушу күнгө чейин сурак берип жаткан бир дагы күбө Нариман Тюлеевге каршы пикирин билдирген жок. Ошондой эле анын ден соолугунун солгундаганына байланыштуу, экс чиновникти үй камагына чыгарууну талап кылышты.

"Криминал дүйнөсүнүн аталыгы Азиз Батукаев эркиндикке чыгарылгандан кийин, биз мыйзам бардыгына бирдей эмес экенин түшүндүк. Эмне себептен, киши өлтүрүрдү деп күнөөлөнүп жаткан кылмышкер эркиндикте жайдары жүрүшү керек? Биз Тюлеевди бошотууну талап кылган жерибиз жок. Болгону толук кандуу дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүнү сурап жатабыз", - деди "Теңир-Тоо Ынтымагы" коомдук фондунун мүчөсү Майрамбек Жумабаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223041

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.