Синьцзяндан келген делегация пахтанын экспортуна кызыкдар болду

  23.04.13   13:29
 239

Кечээ. 22-апрелде, Экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов Кытай Эл Республикасынын башында Синьцзян-Уйгур автономиялык округунун (СУАО КЭР) өкмөтүнүн тышкы соода жана экономикалык кызматташтык башкармалыгынын башчысынын орун басары Сун Женьцзяо турган Синьцзяндан келген делегацияны кабыл алды.

Тараптар КР менен СУАО КЭРдин экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты, негизинен тоо кен тармагындагы азыркы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө сөз жүрдү.

Мындан тышкары Синьцзяндан келген делегация айыл чарба тармагындагы кызматташтык жана Кыргызстандын түштүгүнө пахта өстүрүп, аны Синьцзянга экспорттоого кызыкдар экендиктерин дагы билдиришти. Учурда Кытайдын рыногунда бул чийки затка карата суроо-талап көбөйүп жатат.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын жыйынтыгына таянсак, Синьцзян-Уйгур автономиялык округунун КРга салган түз инвестициясынын көлөмү 150 млн доллар болгон.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223042

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.