Россиядагы кыргыз мигранттары үчүн бирдиктүү call-центр ачылат

  23.04.13   13:37
 508

Келэрки жумаларда Россияда Кыргызстандан барган мигранттар үчүн бирдиктүү маалымат call-центрин ачышат. Бул тууралуу бүгүн, 23-апрелде, "ВБ"нин пресс-борборунда, KGinfo.ru маалымат-аналитикалык порталынын башкы редактору Асилбек Эгембердиев.билдирди.

Сall-центрге чалуулар бекер болот. Адистешкен кызматкерлер эмгек мигранттарга легалдуу жумушка орношуу, медициналык, билим берүү кызматтарын алуу, юридикалык маселелерди чечүүдө жардам көрсөтүп, Россиядагы КРдин ИИМ өкүлчүлүктөрүнүн байланыш номурларын таап берет.

Эгембирдиевдин айтымында call-центр бир эле убакытта 10 телефон чалууларды кабыл ала берет. Айтылуу борборду "Кыргыз конгресс" жалпы россиялык коомдук бирикме каржылап жатат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223043

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.