Бишкектиктерге жаңы троллейбустар тартууланат

  23.04.13   13:46
 317

Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) жардамы менен Бишкекке жаңы троллейбустар алынды.

Мэр Иса Өмүркуловдун айтымында ЕРӨБ 15.5 млн доллар бөлгөн. Анын 10 миллиону 2% жылдык насыяга берилсе, 5.5 миллиону – грант. "Ушул учурга 7 жапыз жана 22 бийигинен чыккан троллейбустар келди. Линияга 18и чыгып иштеп жатат. Келишимдин негизинде дагы 50 троллейбус августтун аягына чейин келип түшөт", - деди шаар жетекчиси.

Троллейбус ишканасынын жетекчиси Геннадий Милицкийдин айтымында бул унаалар эки жыл бою кепилдик тейлөөдө болот. Троллейбустар 24 орундук, ал эми жалпы батырымдуулугу 100 киши.

Троллейбус айдаган шопурлардын биринин айтымында, эгер шаардын жолдору оңолсо, унаалар көп убакытка чейин кызмат кылышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223046

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.