Кыргызстандык күрөшчүлөр Азия чемпионатында алдыңкы бештикке кирди

  23.04.13   14:02
 312

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия чемпионатында эркектер арасында алдыңкы эң мыкты беш команданын катарына кирди. Эларалык күрөш федерациясынан билдиргендей, Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 20 команданын ичинен 4-орунду ээлеген.

Күрөштүн бул түрү боюнча Кыргызстандын курамасында 4 коло медаль бар. Аларды Каныбек Жолчубеков (55 кг салмакка чейин), Арсен Эралиев (60 кг салмакка чейин), Азат Бейшебеков (84 кг салмакка чейин), Мурат Романов (120 кг салмакка чейин) утушкан. Ал эми Арсен Айылчиев (66 кг салмакка чейин) менен Руслан Царев (74 кг салмакка чейин) бешинчи орунду ээлешкен.

Эркин күрөш боюнча да Кыргызстандын курама командасы 20 мамлекеттин ичинен 4-орунду ээлеген.

Эркин күрөш боюнча курама команда 3 медал утушкан – бир күмүш жана эки коло. Күмүш медалды Айбек Усупов (84 кг салмакка чейин) утса, коло медалды Айаал Лазарев (120 кг салмакка чейин) менен Улукман Маматов (66 кг салмакка чейин) уткан. Ошондой эле Иннокентий Иннокентьев 74 кг салмакка чейинки категория боюнча 5-орунду ээлеген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223047

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.