АКШнын расмий өкүлдөрү "Манас" аба базасы тууралуу консультация өткөрүшү мүмкүн

  23.04.13   14:05
 285

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлдөрү Кыргызстандагы "Манас" аба базасы тууралуу консультация жүргүзүшү ыктымал. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейктин Орто Азияга 22-апрелде баштаган иш сапарына комментирий берген кыргыз саясат таануучусу Марат Казакбаев пикир бөлүшкөнүн REGNUM маалымат агенттиги кабарлайт.

Казакбаев агенттик менен болгон маегинде "Манас" базасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн, "Бишкек менен Вашингтондун ортосундагы мамилелерди толук регламенттеген конкреттүү документтердин жоктугун эске алганда, сүйлошүүлөр тездеши мүмкүн" экендигин билдирген.

Серепчи "Блейктин күн тартибинде турган негизги маселе АКШнын аскеринин Афганистандан чыгарылышы тууралуу болот",- деп белгилейт. "Анткени АКШ аскер техникасынын транзити тууралуу биринчи кезекте Казакстан жана Өзбекстан менен сүйлөшүү жүргүзүүгө тийиш",- дейт серепчи.

"Ошого карабай мен келишим түзүү деген сыяктуу олуттуу өзгөрүүлөр болот деп күтпөйм, бул иш сапар жумушчу мүнөздө",- деп кошумчалайт Марат Казакбаев.

Буга чейин маалым болгондой АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз кызматы Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча жардамчысы Роберт Блейк Орто Азияга 22-апрелден 26-апрелге чейин жумушчу сапар менен келерин кабарлаган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223048

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.