Милиция Бишкектеги бомба тууралуу кабар берген булакты издеп жатышат

  23.04.13   14:05
 256

Азырынча күч структуралары спецпрокуратуранын жанына ким бомба койгон деген суроого жооп берише элек.

МУККнин пресс-кызматынын берген маалыматына ылайык, жакында табылган жардыруучу зат боюнча бардык материалдар шаардын Биринчи май РИИБсине өткөрүлгөн. ИИМдегилер өз кезегинде бул ишти МУКК иликтеп жатат деп билдиришүүдө.

Эске салсак, кечээ, 22-апрелде, оперлер мурунку конституциялык прокуратуранын имаратынын жанында шектүү сумка табышкан. Анын ичинде жардыруучу зат бар экени аныкталгандан кийин ал зыянсыздандырылган.

"Эгер бул чындап эле террористтик акты болсо, анда бул ишти атайын кызматтар алып барат. Ал эми ИИМдин компетенциясындагы иш экени билинсе анда ИИМ өз карамагына алат. Учурда министрликтин кызматкерлери телефон чалуу кайдан болгондугун иликтеп жатат", - деп ИИМде билдиришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223049

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.