Ордо боюнча окуучулар арасындагы шаардык спартакиаданы №5 гимназия жеңди

  23.04.13   14:14
 506

22-апрель күнү Бишкектеги №5 улуттук компьютердик гимназиясында улуттук ордо оюну боюнча окуучулар арасындагы шаардык спартакиада аяктады.

Шаардык спорт комитетинен билдиришкендей, мелдешке 54 оюнчу 6 командага бөлүнүп катышты.

Беш күнгө созулган мелдештин жыйынтыгында, биринчи орунду №5 гимназия ээлесе, 2-орунду №1 шаардык интернаттын окуучулары ээледи, ал эми 3-орунду №79 мектеп ээледи.

Жеңүүчүлөр шаардык спорт комитети тарабынан баалуу белектер, диплом жана медалдар менен сыйланышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223050

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.