Жаш активист премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди сотко берди

  23.04.13   14:08
 352

Элдик кабарды жиберген Кыргыз

Жаш активист Жеңиш Молдокматов Кыргыз Республикасын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевди Сотко берди

КРнын Премьер-министри 2013- жылдын 13- апрель күнү, кырчындай токсондон ашык жаш жигиттердин өмүрүн алган кандуу революциядан кийин, демократияга карата багыт алып, кандын үстүндө кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 8 беренесин одоно бузуп, өзүнүн конституциялык ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып, 6 райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерди кызматтарынан бошотуу менен, Кыргыз Республикасынын Конституциясына каршы келе турган буйруктарды кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын премьер-министри, ушуну менен төртүнчү жолу кайталап, КРнын Конституциясынын жоболорун одоно бузуп Конституцияга каршы келген буйруктарды кабыл алуу менен алардын кызмат абалдарын жеке чечүүдө. Натыйжада айылдык кенештердин, ал эми акыркы жолкуда 1200дөн ашык жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын, 300 миңден ашык шайлоочулардын конституциялык укуктары бузулган. Андыктан суроо туулат: эмне себептен жергиликтүү кеңештин депутаттарына депутаттык мандат берилип, чечим кабыл алууда алардын катышуу укуктары каралбайт?

Өкмөт башчысынын райондук акимдерди экономикалык өсүштөрдү камсыз кыла албагандыгы жана ал орунга татыксыздыгы үчүн кызматтан четтеттүүсүн кош колдоп колдойбуз. Бирок, ошенткен менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана тийешелүү мыйзамдарды жетекчиликке алуунун негизинде ишке ашырылуусу керектигин эскертебиз.

Жеңиш Молдокматов Кыргыз Республикасынын Президенти А. Ш.Атамбаевге, КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы А.Ш.Жээнбековго, КР ЖКнын бардык фракция төрагаларына, КР ЖКнын адамдар укуктары, Конституциялык мыйзамдар жана Мамлекет түзүлүшү боюнча комитетинин бардык мүчөлөрүнө, КР ЖКнын бардык депутаттарына, КРнын Башкы Прокурору А.Ж.Саляновага, КРнын Жогорку Соту Ф.З.Джамашевага кайрылды.

Кайрылууда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, озунун ыйгарым укуктарынын алкагынан чыгып, КРнын Конституциясынын жогоруда корсотулгон 8 беренесин, системалуу түрдө бузуп жаткандыгы үчүн, жогорудагы буйруктарды жокко чыгарууну, жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Мыйзамсыз иштерине укуктук баа берүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде бошотулган райондук администрациялардын башчылары-акимдердин ишин жергиликтүү кеңеште кароого жөнөтүү талаптары коюлду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223051

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.