Кыргызстан китеп чыгаруу боюнча дүйнөдө эң акыркы орунда турат

  23.04.13   14:25
 335

Кыргызстанда китептер бара-бара жок боло баштады. Мындай маалыматты КРдин китеп басып чыгаруу жана таркатуу ассоциациясы берип жатат. Алардын билдирүүсү боюнча, 90- жылдары совет мезгилинде калыптанып калган китеп таркатуу тармагы толугу менен жок болгон. Аларга тиешелүү имараттардын бардыгы сатылып, талкаланып, же болбосо башка профилге ылайыкталып калган. Акыркы жылдары 25 басмакана жабылды. Эң ири басмакана деп эсептелген "Бийиктик", 2012-жылы банкрот болду.

Советтик Кыргызстанда 10 млн даана китеп чыгарылчу. Учурда, болгону жылына 700 миңден 1 млн 700 миңге чейин чыгат.

Бишкекте болгону 5-6 китеп саткан жерлер бар, Ошто үчөө. Региондордо болсо, китеп такыр сатылбайт. Китеп таркатуучулар ассоциациясынын маалыматы боюнча, Кыргызстан КМШ чөлкөмүндө китеп сатуу боюнча да эң акыркы орунда турат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223053

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.