Кыргызстандык мигрантта жакшы жакка өзгөрүүлөр бар

  23.04.13   14:46
 367

"Акыркы мезгилдерде кыргызстандык мигранттардын турпатында жакшы жакка өзгөрүүлөр бар", -деп бүгүн, 23-апрелде, пресс-конференция учурунда "Замандаш" ассоциациясынын аткаруучу директору Майрамбек Жапанов билдирди.

Анын айтымында, бул алгач укуктук тармакка тиешелүү. "Мигранттардын көпчүлүгү кайда баратканын, өзүнүн укуктарын жана милдеттери тууралуу кеңири маалыматы бар", -дейт Жапанов.

Ошондой эле ассоциациянын маалыматы боюнча, мигранттык интеллектуалдык потенциалы да жогорулады. Учурда Россияда жана Европа мамлекеттеринде Кыргызстандан барган адисттешкен кадрларга талап жогору, жана ошол мамлекеттерде окуп жаткан кыргыз студенттеринин көпчүлүгү курсун бүтүргөндөн кийин тез арада жумуш таап жатышат. "Биздин жарандардын интеллектуалдык деңгээли абдан жогору. Биздин максат – аларга ыңгайлуу шарт түзүп, Кыргызстанга кайра кайтаруу", - деп Жапанов кошумчалады.

Ассоциациянын билдирүүсүнө ылайык, Россияга Кыргызстандан мугалимдер жана медицина кызматкерлери көп барышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223054

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.