Талибдер туткундардын абалы жакшы экенин билдиришти

  23.04.13   15:08
 377

"Талибан" радикалдык кыймылынын өкүлү туткундарды согушчандардын лагерине алып келишкенин айтып, кыймылдын жетекчиси алардын кийинки тагдыры эмне болору тууралуу чечим кабыл ала турганын билдирди,- деп жазат РИА Новости.

Эскертсек, 21-апрель күнү кечинде Жалпыга маалымдоо каражаттарында Афганистандын чыгышындагы Логар провинциясынын Азра уездинде афганистандык "Хорасан Карго Эйрлайнс" жеке авиакомпанияга таандык Ми-8 тик учагы мажбур түрдө жерге конгону тууралуу маалымат чыккан болчу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги талибдер 10го жакын кишини туткунга алганын билдирди. Алардын ичинде Түркиянын, Орусиянын, Афганистандын жана 1966-жылы туулган кыргызстандык Нургазы Конушбеков да бар.

Өз кезегинде КР президенти Алмазбек Атамбаев ТИМ менен МУККга өнөктөрү менен биргеликте кыргызстандын жаранын куткарууга аракеттерди көрүүнү тапшырды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223056

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.