"Газпром" "Кыргызгазды" жакында сатып алат

  23.04.13   15:18
 278

"Газпром" жылуулук берүү сезонунун башталышына чейин "Кыргызгаздын" оператору болот. Мындай билдирмени Москва шаарындагы Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-россия мамлекет аралык комиссиянын жыйынында Кыргызстандын премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жасады.

Анын айтымында, "Кыргызгаздын" "Газпром" тарабынан менчиктелиши үчүн эки техникалык маселени чечүү зарыл, ошондон кийин тараптар тиешелүү келишимдерге кол коюшат.

Өкмөт аралык комиссияга теңтөрагалык кылган, Россиянын федералдык бажы кызматынын башчысы Андрей Бельянинов, "Кыргызгазды" сатып алуу келишимине жакынкы аралыкта кол коюларын ырастады. "Келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр акыркы стадиясына жетти. Калган маселелер боюнча тараптар мунасага келишет болуш керек", - деди Бельянинов.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223059

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.