Мындай айдоочулар жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден-соолугуна кооптуу эмеспи?

  23.04.13   16:57
 375

Элдик кабарды жиберген Наргиза

Өткөндө такси чакыртсам, машинени бир жаш бала айдап келди. Жолдо баратып, түз кете бер же азыр солго бурасың деп айтсам, түшүнбөгөн кишидей карап жатты. Орусча катуураак айткандан кийин гана "аа, макул" деп аткарып жатты. Бир аздан кийин сүйлөшө кетип улутуң ким деп сурадым. Орусмун дейт. Эмне үчүн орусча жакшы сүйлөй албай жатасың десем, кулагым жакшы укпайт деп жооп берди. Көрсө кичинесинен эле кулагы укпай калыптыр, кийин бир аз дарыланып, жарым-жартылай угуп, бир аз сүйлөгөндү үйрөнүптүр. Бир чети ыраазы болдум. Алты саны аман болуп турса деле ар кайсынын башын айтып, күйүтүм бар деп ичип жатып алгандарга караганда ырас, тирилик кылып жатыптыр. Бирок, мындай айдоочулар жүргүнчүлөрдүн өмүрүнө, ден-соолугуна кооптуу эмеспи?

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223063

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.