Жеңиш күнүндө Түштүк дарбаза эс алуу жайында ардагерлер үчүн концерт уюштурулат

  24.04.13   08:10
 356

9-майда, саат 14төн 18ге чейин Бишкектеги Түштүк дарбаза эс алуу жайында, Улуу Жеңиш күнүнө карата ири майрамдык иш чара уюштурулат. Саамалыкты өткөрүү демилгесин Кыргызстандагы Орусия элчилиги, Бишкек шаардык кеңеши жана мекендештер бирикмеси Ассоциациясы көтөрүп чыгышкан.

Маалыматка караганда, иш чарага Улуттук гвардияда, чек ара кызматтарында аскердик милдет өтөгөндөр жана Суворов окуу жайынын окуучулары катышат.

Мындан тышкары, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери үчүн талаа тамактары дайындалып, үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда музыкалык жамаат концерт тартуулашмакчы.

Ошондой эле бул күнү, Орусия элчилигинин колдоосу менен ассоциация уюштурган Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган балдардын сүрөт тартуу сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223067

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.