Жети-Өгүз айыл округунун башчысы көз боемочулук ишине катыштыгы бар болуп чыкты

  24.04.13   08:14
 287

УКМКнын коррупцияга каршы кызматы социалдык фонд системасындагы коррупциялык механизмдердин бетин ачуу боюнча иш чара жүргүзгөн. Анын негизинде, Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда мөөнөтүнөн мурда пенсияларды берүү боюнча мыйзамсыз толтурулган фактынын бети ачылды. Бул тууралуу УКМКнын ЖМК жана коом менен байланыш бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, аталган окуяга Жети-Өгүз айылдык округунун башчысынын жана социалдык фондго караштуу аймактык бөлүмдөрүндө эмгектенген аткаминерлердин катыштыгы бар экендиги аныкталды. Мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгымдар такталууда.

19-апрелде, УКМК тарабынан, КР кылмыш кодексинин "Алдамчылык", "Кайдыгер мамиле" жана "Мамлекеттик сыйлыктарды, мөөрдү, эн белгини, жасалма документтерди колдонуу, өткөрүү, жасоо" беренелери боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223069

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.