УКМК Ооганстандагы кыргызстандыкты бошотуу чарасын көрүү тууралуу буйрук алды

  24.04.13   08:19
 331

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ооганстандагы талибдер тарабынан туткунга алынган кыргызстандыкты бошотуу үчүн болгон күч аракетти жумшап чара көрүү тууралуу буйрукту алды. Бул тууралуу кечээ, 23-апрелде, аталган комитеттин басмасөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 22-апрелде Ооганстандын чыгышындагы Логар провинциясынын Азра уездинде, ооганстандык "Хорасан Карго Эйрлайнс" жеке авиакомпанияга таандык "Ми-8" тик учагы мажбур түрдө жерге конгон. Болжолдуу маалыматтарга караганда, талибдер 10го жакын кишини туткунга алган. Алардын ичинде Түркиянын, Орусиянын, Ооганстандын жана 1966-жылы туулган кыргызстандык Нургазы Конушбеков да бар.

УКМКнын басма сөз кызматы белгилегендей, ведомствонун кызматкерлери буйрукту алаары менен ишке кызуу киришишти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223071

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.