Серепчи: Бажы биримдигине мүчө болуу менен мигранттар өз мекенине кайтып келет

  24.04.13   08:21
 488

Эгерде Кыргызстан бажы биримдигине кирсе, ушул тапта бажы биримдигиндеги өлкөлөрдө иштеп жаткан 700 миң мигрант республикага кайтып келет. Мындай оюн КР нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Жумакадыр Акенеев билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар чет өлкөдө иштеп тапкан айлык акыны өз мекенинен деле таба алышат.

"Ал эми мекенине кайтып келгиси келбеген мигранттар үчүн да пайдалуу жагы бар. Алар Орусияда, Казакстанда, ошондой эле Белорусияда мыйзамсыз абалда калып же болбосо маал маалы менен каттоодон өтүшпөйт. Бажы биримдигинин алкагында, аталган өлкөлөрдө тоскоолдуктарсыз эле өтүп жүрө беришет",- деди Акенеев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223072

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.