Бүгүн боло турган митингде 300дөй милиция кызматкерлери тартипти көзөмөлдөшөт

  24.04.13   08:22
 245

Бүгүн боло турган митингде Биринчи Май РИИБнын 300дөй милиция кызматкерлери жана жол күзөт кызматы тартипти көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу кечээ, 23-апрелде, "ВБ"га Бишкек ШИИБнын басма сөз кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов билдирди.

Анын айтымында, борбордогу элдик кошуундар дагы коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн жардам көрсөтүү ниетин билдиришкен.

"Митингдин уюштуруучулары акцияда чагымчылдыкка жол бербөө үчүн өздөрүнүн кошуундары бар экендигин билдиришти. Милиция кызматкерлери тынчтык митингин өткөрүүдө тоскоолдук кылбайт, алар болгону тартипти көзөмөлдөп турат", - деди Сейитов.

Эске салсак, оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров, 24-апрелде бир канча талаптар менен митинг болот деп ЖМКга билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223073

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.