ТИКА Кыргызстанга оорукана курууга жардам берет

  24.04.13   08:24
 370

Түркия кызматташтык жана өнүгүү башкармалыгы (ТИКА) Кыргызстанга оорукана курууга жардам берет. Бул тууралуу кечээ, 23-апрелде, өкмөт аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-апрелде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков ТИКА программаларынын координациялык кеңсесинин башчысы Хакан Эргүн менен жолугушту. Анда Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдогандын 9-10-апрелде Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында сүйлөшүлгөн макулдашууларды ишке ашыруу жолдору талкууланды. Ошондой эле, түркиялык тараптын каражатына Кыргызстанда оорукана куруу боюнча сөз болду.

Хакан Эргүн ТИКА Бишкек шаарында же Чүй облусунда оорукана курууга жардам берүү боюнча чечим кабыл алгандыгын маалымдады. Анын билдиргенине караганда, ооруканага тиешелүү бардык жабдуулар берилип, медициналык мекеменин курулушунун алгачкы эки жылы ТИКА тараптан каржыланмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223074

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.